«Ыйык трибунадан жеке айтыштын кереги жок» – депутат Элдар Сулайманов Эрулан Кокуловго кайрылды
11 сентябрь

«Ыйык трибунадан жеке айтыштын кереги жок» – депутат Элдар Сулайманов Эрулан Кокуловго кайрылды

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Элдар Сулайманов кесиптеши Эрулан Кокуловду сабырдуулукка чакырды.

«Эгер сизде жеке таарынычтар болсо, аны ушул ыйык трибунадан чыгаруунун зарылчылыгы жок. Бул жерде мамлекетти кызыктырган маселелерди талкуулайбыз. Эгер кимдир бирөө сизге “таракан” десе, сиз “таракан” болуп каласызбы? Ар бирибиз айтылган сөздөргө чыдамдуулук көрсөтүшүбүз керек.

Бул трибунага келип, “силер мындайсыңар, мындайсыңар” деп бизге сын айтпаңыз. Парламент өз милдетин так аткарып жатат. Эрулан мырза, өзүңүздү кармаңыз» – деди Сулайманов.