Жолдо бейбаштык кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды
26 февраль

Жолдо бейбаштык кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

Эл көп жүргөн жолдо бейбаштык кылган унаанын айдоочусу кармалды. Буга чейин унаанын алдыңкы айнегин оор буюм менен талкалап кеткен кишини милиция издеп жатканы кабарланган.  

Окуя 2024-жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Honda CR-V жана Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаалардын айдоочуларынын ортосунда жаңжал чыгып, чыр-чатакка айланган. Биринчи унаанын айдоочусу адепсиз сөздөр менен сөгүнүп, экинчи айдоочуга кол салып, денесине жаракат келтирген. Андан тышкары, оор буюм менен Honda Civic автоунаанын алдыңкы айнегин, каптал күзгүсүн жана фараларын сындырып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Чогулган материалдардын негизинде коомдук тартипке жана жол коопсуздугуна шек келтирген укук бузуулар үчүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Ленин РИИБи Бишкек шаарында жашаган Ысык-Көл облусунун тургуну 1984-жылы туулган И.А. аттуу жаранды издөөгө жарыялаган. Сот тарабынан камакка алуу (сырттан) түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрушүндө ИИМдин КИББдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагынан изделип жаткан жаран кармалган. Кармалган жаран Ленин райондук ИИБга жеткирилип, ошол эле күнү Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылууда.