“Ош-Тазалык” ишканасы системалаштырылат
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 30-апрелде “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Калаа башчысы белгилегендей, өлкө башчысы аны Ош шаарына мэр кылып дайындаган учурда эң оболу шаардын тазалыгына жана жашылдандыруу тармагына өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырма берген.
Шаар мэри ишкананын кызматкерлери менен жолугушуу учурунда алардын күнүмдүк түйшүктүү эмгегине ыраазычылык билдирип, шаарды таза кармоодо алардын ролу өтө маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле акыркы убакта жумушчулардын эмгек акысы жогорулатылганын айтып, бул тармакка мындан ары да колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Мэр мындан тышкары “Ош-Тазалык” ишканасына жаңы атайын техникалар алынарын, иш процесси системалаштырылып, заманбап талаптарга ылайык уюштуруларын билдирди. Ал шаар тазалыгы ар дайым биринчи орунда болушу керектигин белгилеп, кызматкерлерди жоопкерчиликтүү иштөөгө чакырып, иштерине ийгилик каалады.
