Кыргызстандыктардын 26% дээрлик саякаттабайт
Кыргызстандыктар үчүн саякаттар айлана-чөйрөнү алмаштыруу жолу гана эмес, ошондой эле шыктын, энергиянын жана иш үчүн жаңы идеялардын булагына да айланды. Бул тууралуу headhunter.kg платформасы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөттү.
♦ Канча убакытта саякатташат?
- Жылына бир жолу – 30%
- Абдан сейрек – 26%
- Жылына бир нече жолу – 22%
- Азырынча саякатташа элек – 11%
- Азырынча план гана – 6%
- Туруктуу, ай сайын – 2%
Көпчүлүк кыргызстандыктар сейрек саякатташат: ар үчүнчү респондент жылына бир эле сапар менен чектелсе, төрттөн бир бөлүгү дээрлик такыр саякатка чыкпайт. Жылына бир нече жолу же андан да көп жолго чыга алгандар азчылык.
♦ Кайда эс алышат?
- Башка өлкөдө – 30%
- Кыргызстандын ичинде – 25%
- Өлкө ичин жана чет өлкөнү айкалыштырат – 22%
- Өзүнүн шаарында – 18%
- Алдын ала пландаштырбай, өзүнчө сапарларга чыгышат – 16%
- Башка – 2%
Сурамжылоого катышкандардын эң көбү чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн тандайт. Ар бир төртүнчү жаран мекенинде эс алса, ар бир бешинчиси өлкө ичинде да, чет өлкөдө да саякаттайт. Ошондой эле өз шаарында эс алган же алдын ала пландаштырбаган сапарларды жактыргандар да бар.
Эксперттердин билдирүүсүндө, сейрек саякаттар да адамдын эмоционалдык абалына жакшы таасир берет жана кесиптик ишмердик үчүн жаңы идеяларды, ресурстарды табууга жардам берет.
