Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан бошотулду
3 февраль

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.