Ош шаарында 50 балдар ойноочу аянтча курулууда
Ош шаарында жалпы 50 балдар ойноочу аянтчасы курулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдришти.
Маалыматта айтылгандай, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын суранычы менен балдар ойноочу аянтчалары жок элүү дарек такталган.
Учурда отуз жерде толук балдаяр аянты бүтсө, калгандарынын курулуш иштери жүрүп жатат.
Балдар ойноочу аянтчаны куруу шаар аймагындагы аймактык башкармалыктардын барында камтылган.
