Курулуш министри капиталдык оңдоодон өтүп жаткан Кардиохирургия институтун текшерди
19 август

Курулуш министри капиталдык оңдоодон өтүп жаткан Кардиохирургия институтун текшерди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча улуттук илимий-изилдөө институтунда жүрүп жаткан калыбына келтирүү иштерин текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Эске салсак, ушул жылдын февраль айында өрттөн жабыркаган аталган мекемеге министр бир ай мурун барып, оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин башталышы менен таанышкан.

Бүгүнкү күндө имаратта масштабдуу калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ички конструкциялар демонтаждалып, жаңы терезе блоктору орнотулууда. Жылытуу жана санитардык-техникалык коммуникация системалары жаңысына алмаштырылууда.

Санитардык түйүндөрүндө жана тиешелүү лабораториялык бөлмөлөрдө кафель плиткалары төшөлүп, оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.