№5 шайлоо округу: Сулейманов, Исираилов жана Ахмедова — алар кимдер жана шайлоого канча каражат жумшашкан?
1 декабрь

№5 шайлоо округу: Сулейманов, Исираилов жана Ахмедова — алар кимдер жана шайлоого канча каражат жумшашкан?

Райондун борбору: Араван айылы, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 164 557
Чек аралары: Гүлбаар айылы (Керме-Тоо); Достук, Дөбө-Коргон, С. Юсупова жана Чек-Абад айылдык округдары (Араван району); Ош шаарындагы МТУ-2, МТУ-3 жана Кызыл-Кыштак айылы.

Элдар Сулейманов

1985-жылы 3-июлда туулган.
7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, мурда Ош шаардык кеңешинин мүчөсү болгон.
Билими: Дүйнөлүк экономика (КРСУ), юриспруденция магистри.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Шайлоо чыгымдары: 7 322 127 сом.

Азамат Исираилов

1988-жылы 20-майда Ош шаарында туулган.
Юрист жана 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
Юрист, мамлекеттик администрацияда, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген жана убактылуу комиссияларды жетектеген.
Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.
Шайлоо чыгымдары: 585 445 сом.

Айгүл Ахмедова

1978-жылы 24-июлда Кызыл-Кыя шаарында туулган.
Билими: Финансы жана кредит.
Ишкер, "Царский двор" жеке ишканасынын жетекчиси.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.
Шайлоо чыгымдары: 9 563 534 сом.