Кемин районунда 2 тоннага жакын кара куурай жок кылынды
7 август

Кемин районунда 2 тоннага жакын кара куурай жок кылынды

2025-жылдын 6-август күнү Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан “Кара куурай” аталышындагы иш-чара жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу иш-чараларын жүргүзүштү.

Иш-чаранын алкагында Кемин районунун Чоң-Кемин айыл айыл аймагында кара куурай өскөн жерлерлер аныкталып, 2 тоннага жакын кара куурай жок кылынды.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүү жана баңги заттардын синтетикалык түрлөрүнүн жайылышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.