иллюстрациялык сүрөт
9 июль
Орловкадагы асма жол бузулуп, эс алуучулар үч сааттай бийикте калышты
Орловкадагы асма жол бузулуп калгандан кийин «Энтузиаст» ЖЧКсына 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашты.
Буга чейин интернет булактарында 6-июлда видео тарап, анда асма жол бузулуп, эс алуучулар үч саттай бийикте калышкандыгы айтылган.
Окуядан кийин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында электр энергиясы өчкөн учурда резервдик дизелдик генератор ишке киргенге чейин асма жолдун иши убактылуу токтотулганы аныкталды.
Аталган факты боюнча «Энтузиаст» ЖЧКсына 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, коопсуздук талаптарын сактоо боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
