ССМ Баткен облусунда неонаталдык жардамды күчөтүү максатында беш жасалма дем алдыруу аппаратын алды
КР Саламаттык сактоо министрлигинде БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан «Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында сатып алынган SV300 (Mindray, Neo функциясы менен) үлгүсүндөгү беш жасалма дем алдыруу аппаратынын (ИВЛ) расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Жабдуунун жалпы наркы 65 миң АКШ долларынан ашты.
Жабдуу Баткен шаарынын жана Баткен областынын неонатология бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга, анын ичинде оор абалдагы жана дем алуу жетишсиздиги бар балдарга өмүр үчүн маанилүү жардам көрсөтүүгө арналган.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев БУУнун Өнүктүрүү программасына көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, берилген жабдуу өлкөнүн неонаталдык жардамды күчөтүү жана ымыркайлардын өлүм көрсөткүчүн азайтуу боюнча приоритеттерине толук шайкеш келерин белгиледи.
«Баткен областы үчүн бул өпкөнү жасалма желтедүү аппараттары биздин кичинекей бейтаптар үчүн абдан маанилүү. Биз үчүн алыскы аймактарда жашаган балдар да сапаттуу жана квалификациялуу медициналык жардам ала алышы өтө маанилүү. БУУнун Өнүктүрүү программасынын техникалык потенциалды чыңдоого, кадрларды өнүктүрүүгө жана заманбап чечимдерди киргизүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз», — деди министр.
БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва белгилегендей, тапшырылып жаткан ӨЖЖ аппараттары Баткен областындагы неонаталдык бөлүмдөрдүн даярдыгын күчөтүп, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын сапаттуу жана өз убагында медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган.
«Саламаттык сактоо министрлиги менен көп жылдык стратегиялык өнөктөштүгүбүз системалуу мамиле жана эл аралык кызматташтык чындап эле өмүрлөрдү сактап каларын далилдеди. Биз өлкөдө медициналык кызматтарды модернизациялоону, кадрдык потенциалды бекемдөөнү жана инновацияларды киргизүүнү колдоону улантабыз», — деп баса белгиледи ал.
Жабдууну берүү менен бирге, БУУӨП Баткен областындагы медициналык кызматкерлерди ӨЖЖ аппараттары менен иштөө боюнча окутууну камсыздайт. Бул жабдууну биринчи күндөрдөн тартып эле натыйжалуу жана коопсуз пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
