Тажикстанда төлгөчүгө баргандар айыпка жыгылат
Тажикстан өкмөтү өлкө парламентине төлгөчүлөргө, сыйкырчыларга жана бакшыларга баргандарга айып салуу сунушун киргизди. Бул үчүн Административдик укук бузуулар кодексине тиешелүү пункт кошуу сунушталууда.
Сунушка ылайык, эзотерикалык кызматтардын кардарлары 750 сомониге чейин (болжол менен $81) айып пул төлөп калышы мүмкүн. Парламентке жөнөтүлгөн документте 482-беренеге «Сыйкырчынын, төлгөчүнүн жана бакшынын кызматтарын пайдалануу» деген пункт кошуу сунушталууда.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы өлкө бийлиги төлгөчүлүк жана сыйкырчылык менен алектенгендерге каршы күрөштү күчөт. Өткөн жайда ИИМ төлгөчүлөргө барган жарандарды чакырып, алардын сүрөттөрүн жана маалыматтарын өзүнчө базага киргизерин билдирген. Бул чара сыйкырчыларды кардарсыз калтырып, алардын ишин токтотуу максатын көздөйт.
2024-жылы төлгөчүлүк жана сыйкырчылык менен алектенгендер үчүн жаза күчөтүлгөн: күнөөлүүлөргө $700гө чейин айып пул же 10–15 суткага камак жазасы каралган. Эгерде жыл ичинде кайталап кармалса, кылмыш иши козголуп, 1–2 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Өлкө ИИМнин маалыматы боюнча, 2025-жылдын алгачкы алты айында Тажикстанда төлгөчүлүк жана сыйкырчылык боюнча 495 факт аныкталган. Ошол эле мезгилде борбор шаар Дүйшөмбүдө 90 адамга жаза колдонулган.
Чектөөлөргө карабастан, айрым тургундар төлгөчүлөргө жана сыйкырчыларга кайрылууну улантууда. Алар көбүнчө үй-бүлөсүн коргоо, ишкерликте ийгиликке жетүү же жаман рухтардан арылуу үчүн барышат. Кардарлардын арасында жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер да бар экени айтылууда.
