Кантип жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу керек?
Жүрөк -кан тамыр ооруларынын ичинен миокард инфаркты жана мээ инсульту өлүмдүн негизги себеби болуп саналат. Миокард инфаркты жана инсульт жыл сайын жашарууда, 30 жашар, ал тургай 20 жаштагы кыргызстандыктардын өмүрүн алып жатканы өтө өкүнүчтүү.
Жүрөк -кан тамыр ооруларынын көпчүлүгүн тамеки чегүү, туура эмес тамактануу жана семирүү, физикалык активдүүлүк жана алкоголду көп колдонуу сыяктуу коркунуч факторлоруна чара көрүү аркылуу алдын алууга болот.
Жүрөк -кан тамыр ооруларынын негизги коркунуч факторлору кайсылар?
- туура эмес тамактануу;
- гиподинамия;
- тамеки чегүү;
- алкоголду ашыкча колдонуу;
- стресс.
Жүрөк -кан тамыр ооруларынын жалпы белгилери?
Кан тамыр оорулары көп учурда билинбей өөрчүйт. Инфаркт же инсульт илдеттин алгачкы эскертүүчү белгиси болушу мүмкүн.
Инфарктка мүнөздүү белгилер:
- көкүрөктүн оорутушу же көкүрөк клеткасынын ортосундагы жагымсыз сезим
- колдордо, сол далыда, чыканактарда, жаакта же белде оорутуу же ыңгайсыздык.
Мындан тышкары, ооруп жаткан адамда
- дем алуу кыйынчылыгы же аба жетишсиздиги;
- жүрөк айлануу же кусуу
- баш айлануу же алсыроо
- муздак тер басып, өңдүн кубарышы байкалат.
Инсультка мүнөздүү белгилер:
Инсульттун эң кеңири таралган симптому болуп:
- Бет булчундарынын, көбүнчө бир тарабынын, колже буттардын күтүүсүз алсыздыгы.
Ошондой эле күтүлбөгөн жерден беттин, айрыкча бир тарабы, колдордун же буттардын сезбей калуусу, сүйлөөдө же сүйлөөнү түшүнүүдө кыйынчылыктар, көрүүдө кыйынчылыктар, басууда кыйынчылыктар, баш айлануу, тең салмактуулуктун жоголушу же координациянын бузулушу, эч кандай белгилүү бир себеп жок эле баштын катуу оорушу, ошондой эле эсин жоготуу.
Эгерде бул симптомдор сизде байкалса, дароо медициналык жардамга кайрылыңыз!
Жүрөк -кан тамыр ооруларынын алдын алууда маанилүү:
- Кан басымын билүү жана көзөмөлдөө. Адатта, кан басымы 140/90 мм.рт. ст. жогору болбошу керек.
- Кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин көзөмөлдөңүз.
- Рациондон майлуу, куурулган тамактарды, ышталган этти, шекерди жана таттууларды колдонууну азайтыңыз. Жашылча -жемиштерди көбүрөөк жегенге аракет кылыныз.
- Күнүмдүк тамак ашта тузду 5 г (бир чай кашык) чейин чектеңиз.
- Көбүрөөк кыймылданыз, физикалык активдүүлүктү жогорулатыныз.
- Стресске каршы турууну үйрөнүңүз.
- Тамекини таштап, алкоголду ашыкча колдонуудан баш тартыныз.