Акыйкатчы Институту пенсиясын ала албай жаткан Нарындын тургунуна жардам берди
19 август

Акыйкатчы Институту пенсиясын ала албай жаткан Нарындын тургунуна жардам берди

КРнын Акыйкатчы Институту (Омбудсмен) жаш курагына байланыштуу пенсиясын ала албай жаткан Нарын облусунун тургунуна жардам берди.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага 1977-жылы туулган И.Э. аттуу жаран пенсия төлөмдөрүн калыбына келтирүүгө көмөк сурап кайрылган.

Ал өз арызында, Нарын обулусунда туулуп, 2000-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылына турмушка чыгып, жолдошу менен аталган айылда жашап келгенин жазган.

И.Э.нин айтымында, 2008-жылдан 2019-жылга чейин Ат-Башынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген. Ага 2019-жылы айыл чарба багытындагы жер белекке берилген, ал жер салыгын жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп турган.

2020-жылы күйөөсү каза болуп, анын колунда эки студент баласы жана мектеп курагындагы кызы калган.

Жолдошу каза болгондон кийин, убактылуу Бишкекте тигүүчү болуп иштеп,  күйөөсү мурас кылып калтырган Кызыл-Туу айылындагы үйүнө да барып турган.

Анын айтымында, 2022-жылы Ат-Башы райондук социалдык фондго пенсия чегерүү боюнча кеңеш суроо үчүн кайрылганда, ага 45 жаштан пенсияга чыгуу үчүн 1 жыл 4 ай эмгек стажы жетишпей турганы айтылган.

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Ат-Башы соцфонду комиссия түзүп, кайрадан акт түзүп, маселе арыз ээси И.Э.нин пайдасына чечилди.

Ага 2024-жылдын июнь айынан тартып ай сайын 6900 сом өлчөмүндө пенсия дайындалды. Алгачкы төлөмдөрүн аял ушул жылдын август айынан баштап ала турганы маалымдалды.  

Акыйкатчы Институту жарандардын укуктарын коргоп, пенсиялык төлөмдөрдү калыбына келтирүү жана адилеттүү социалдык камсыздандырууну камсыз кылуу боюнча иштерин улантат.