Кара-Кулжада мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкелер мамлекетке кайтарылды
3 февраль

Кара-Кулжада мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

Ош областынын Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнчажүргүзүлгөн текшерүүдө, Кара-Кулжа айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы 12,5 га жер тилкеси жеке тараптардын менчигине берилип кеткендигианыкталган.

Прокуратура тарабынан сотко келтирилген доо арыздын натыйжасы менен 4 млн. 983 миң сомдук 12,5 га жер тилке муниципалдык менчике кайтарылды.