Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы 2026-жылы Талас облусунда белгиленет
Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы 2026-жылы Талас облусунда белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Жалал-Абад шаарында облустун жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылышында кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап жатып билдирди.
Мамлекет башчысы эгемендик майрамы ар жылы ар дубанда белгилеп келгендигин эске салды.
"Буга чейин берекелүү Чүй боорунда, ордолуу Ош шаарында өткөрүп келсек, быйыл Кыргызстандын Көз карандысыздык майрамын күн сайын кулпуруп бараткан Жалал-Абад шаарында белгилеп олтурабыз. Ар бир облуста өткөрүү чечими – мамлекетибиздин жети облусуна бирдей көңүл бурулуп жаткандыгынын, борбор – аймак деп бөлбөй, бир бүтүн, эгемен өлкө экенибизди даңазалоонун далили. Кудай буюрса, кийинки жылы 35 жылдыкты Талас облусунда өткөрөбүз", - деди ал.
