Токмок шаарында бир сутка ичинде мыйзамсыз сатуу пункттарынан 1,5 тоннадан ашык күйүүчү май алынды
7 август

Токмок шаарында бир сутка ичинде мыйзамсыз сатуу пункттарынан 1,5 тоннадан ашык күйүүчү май алынды

2025-жылдын 7-августунда Токмок шаардык милиция кызматкерлери Салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте автожолдордун боюнда күйүүчү майларды мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу максатында рейд өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир сутка ичинде жол жээгинде жана күйүүчү май сатууга арналбаган башка жерлерде мыйзамсыз сатылып жаткан 1,5 тоннадан жакын күйүүчү май алынды.

Тартип бузгандарга карата административдик протоколдор түзүлүп, мыйзамга ылайык айып пулдар салынды.

Күйүүчү майды мыйзамсыз сатууга жол бербөө максатында профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантылат.