«Манка-Жар» коктусундагы селден коргоочу дамба көзөмөлгө алынды
26 февраль

«Манка-Жар» коктусундагы селден коргоочу дамба көзөмөлгө алынды

Шаардык кызматтар жана КР ӨКМнин башкармалыгы тарабынан «Манка-Жар» коктусундагы селден коргоочу дамбаны тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Бүгүнкү күндө суунун деңгээли көзөмөлгө алынды. Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында болжол менен 230 үй селден корголот.

Шаардык кызматтар жаан-чачын мезгилде жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына коркунуч жаратпашы үчүн көлөмдүү иштерди аткарышты.

Буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан улам "Манка-Жар" коктусунан суу ташкындап,  натыйжада Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдү жана үйлөрдү (100дөн ашык) суу каптаган.