Тоолуу аймактардагы кар көчкү. Автобекеттерде жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүрүүдө
23 январь

Тоолуу аймактардагы кар көчкү. Автобекеттерде жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдо калууда. Буга байланыштуу ӨКМ айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн аба ырайы турукташкыча алыскы сапарга чыкпоону эскертет. 

"Учурда Бишкек, Ош шаарларынын, Талас жана башка облустардын автобекеттеринде айдоочуларга, таксисттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жолдогу табигый кырдаалдарга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо менен өзүңүздүн жана жакындарыңыздын, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун, адам өмүрүн сактоону камсыздаңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.