Кыргыз журналистикасынын ардагери Баян Жумагулова сотто акталды
4 июнь

Кыргыз журналистикасынын ардагери Баян Жумагулова сотто акталды

Кыргыз журналистикасынын ардагери Баян Жумагулова улуттар аралык жана башка кастыкты козутууга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча толугу менен акталды. Бул тууралуу журналист өзү "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, 4-июнда Бишкек шаардык соту апелляциялык арызын карап чыгып, биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарган.

«Бишкек шаардык соту Свердлов райондук сотунун мага мамлекеттин пайдасына 100 миң сом айып пул салуу тууралуу чечимин толугу менен жокко чыгарып, мени актады», — деген Жумагулова.

Буга чейин Бишкектин Свердлов райондук соту Жумагулованы күнөөлүү деп таап, мамлекеттин пайдасына 100 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Бул чечимге макул болбогон журналист апелляциялык арыз менен кайрылган.

Журналистке каршы кылмыш иши 2024-жылы расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча козголгон. Тергөө маалында ага карата өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт коюу чарасы колдонулган.

Бул иш боюнча соттук териштирүүлөр бир нече жолу жылдырылган. Бишкек шаардык сотунун актоо чечими бул соттук процесстин аякташындагы маанилүү этап болуп калды.