ИИМ УКТ менен байланышы бар деген шек менен Кудрет Тайчабаровду кармады
8 ноябрь

ИИМ УКТ менен байланышы бар деген шек менен Кудрет Тайчабаровду кармады

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан мурда уюшкан кылмыштуу түзүмдөрдүн мүчөлөрү менен мүмкүн болгон байланыштары боюнча текшерүү материалдарында аты аталган Т.К.М. аттуу жаран кармалды.

Азыркы учурда шектүү жаран зарыл болгон тергөө иш аракеттерин жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө улантылууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Т.К.М. Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлоого катышуу ниетин билдирген. Кийинчерээк интернет тармагында анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган.