КР ТИМ башчысы иш сапары менен Арменияга барат
23 январь

КР ТИМ башчысы иш сапары менен Арменияга барат

Кыргызстандынтышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев армениялык кесиптеши Арарат Мирзояндын чакыруусу менен 2025-жылдын 22-23-январында Арменияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп, анын алкагында кыргыз-армян кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин спектри талкууланат.