Акбалык Жумалиева: Шайлоочулардын катышуусу 37% түздү
1 декабрь

Акбалык Жумалиева: Шайлоочулардын катышуусу 37% түздү

Парламенттик шайлоого шайлоочулардын катышуусу 37 пайызды түздү. Бирок бул акыркы жыйынтык эмес. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева билдирди.

Айтымында, айрым шайлоо участокторунан толук маалымат келе элек, анын баары келгенден кийин акыркы жыйынтык чыгат.

“Азырынча, 94-95 пайыз аймактык шайлоо участокторунан келген маалыматтарга таянсак, катышуу 36,81 пайызды түздү”, – деди ал.

Жумалиева белгилегендей, бул жолку шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасын киргизүү шайлоочулардын катышуусунун көбөйүшүн камсыздады.