Бишкектин айрым аймактарында 2-декабрда таза суу жок болот
Бишкектин айрым аймактарында 2-декабрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:
• Куйручук көчөсү - Молдокулов көчөсү
- Ахунбаев көчөсү - Куйручук көчөсү.
Ошондой эле, ПНС-Молдокулов, 24/1.
Экинчи өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:
• Репин көчөсү - Алыбаев көчөсү - Термечиков көчөсү - Л. Толстой көчөсү.
Суу менен камсыздоо тармактарындагы авариялык калыбына келтирүү иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.
"Бишкексууканал" ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
