Макилов: Добуш сатып алууга шектелгендер 2 айга камакка алынышты
30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо одоно мыйзам бузуулар орун алган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Султан Макилов билдирди.
Айтымында, ага чейин добуш сатып алууга аракеттенүү фактылары катталган жана ал боюнча шектүүлөр учурда камакта отурушат.
“Добуш сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ага шектүүлөр эки айга, тергөө бүткүчө камакка алынган. Тергөө амалдары жүрүп, анын жыйынтыгында сот мыйзам чегинде чечим чыгарып берет”, – деди ал.
Белгилегендей, ал эми добуш берүү күнү мыйзам бузуулар тууралуу 79 кайрылуу келип түшкөн, алардын ар бири текшерилет жана юридикалык баа берилет.
“БШКнын сайтында Даттануулар реестри бар. Арыз берген адам ошол жакка кирип караса болот. Бардык арыздар: БШКга жана ИИМге келгендер ошол бөлүмгө жайгаштырылат”, – деди Макилов.
