Кыргызстан менен Казакстан санариптик кызматташтыкты кеңейтүүдө
26 февраль

Кыргызстан менен Казакстан санариптик кызматташтыкты кеңейтүүдө

Кыргызстан менен Казакстандын санариптик мекемелеринин жетекчилери жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы санарип айдыңындагы негизги долбоорлорду талкуулашты:

Жакынкы чек ара аймактарында радио жыштыктарды координациялоо – келишим боюнча иштер уланууда, Казакстандын сунуштары күтүлүүдө.

Санариптик документтерди өз ара таануу – Казакстан менен тиешелүү келишимди түзүү маселеси каралууда, интеграция механизмдери жана колдонуу чөйрөсү талкууланууда.

Космостук кызматташтык – Кыргызстанды Жерди дистанттык зонддоо спутниктик топтомуна кошуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Адистерди даярдоо – кыргызстандык инженерлерди Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында окутуу маселеси талкууланууда.

Белгилей кетсек, тараптардын жолугушуусу КР министрлер кабинетинин төрагасы Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында өткөн.