Ош ОИИБ: Рейддик иш-чара: үч күндө 263 укук бузуу протоколу түзүлдү
7 август

Ош ОИИБ: Рейддик иш-чара: үч күндө 263 укук бузуу протоколу түзүлдү

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы жайкы туристтик мезгилде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күндүзгү жана түнкү кайгуулдарды уюштурду.

Анда кызматкерлер ар кандай укук бузуулардын жана кокустуктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

4-5-6 август күндөрү аралыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекстин беренелеринин талаптарын бузган 263 атуулга административдик протоколдорду түзүшүп, айып пулдарды салышты.

53 жаран ички иштер органдарына жеткирилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 67 автоунаа айып короого киргизилди. 10 мас абалда автоунаа башкарып бараткан айдоочу аныкталды.

Иш-чаранын максаты- укук бузуунун жана кылмыштуулуктун кесепети менен күрөшүү эмес, анын алдын алуу болуп эсептелет.