Эдил Байсалов: Жаңы парламентте президенттин саясатын колдогондор көбүрөөк болот
1 декабрь

Эдил Байсалов: Жаңы парламентте президенттин саясатын колдогондор көбүрөөк болот

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Азаттыктын” көрсөтүүсүнө 30-ноябрда болуп өткөн шайлоо тууралуу пикирин билдирди.

“Эң негизгиси шайлоо тынч өттү. Бул – биздеги демократиянын, элдик бийликтин күчү. Учурда дүйнө, коомчулук, технология, экономика, эл аралык катнаш, геосаясат тездик менен өзгөрүүдө, келерки беш жылда толугу менен жаңыланат. Жаңы парламент ошол жүктүн баарын татыктуу көтөрүп берет деп ишенем. Мурдагы Жогорку Кеңешке салыштырмалуу бул Жогорку Кеңеште президенттин саясатын колдогондор көбүрөөк болот деп ойлойм”, – деди ал.

Айтымында, Министрлер Кабинети жаңы Жогорку Кеңеш менен конструктивдүү диалогго даяр. Учурда приоритеттүү он чакты мыйзам долбоорлорунун тизмеси даяр. Дагы көптөгөн чечимдерди кайра карап чыгуу керек болот.

“Алдыдагы беш жыл өткөн 35 жылга тете жыл болушу керек. Жаңы парламент үмүттү актайт деп ишенем”, – деди ал.

Ошондой эле, Байсалов парламент – бул аткаруу бийлигине, президентке акыл үйрөтүүчү эмес, мыйзам чыгаруучу орган экенин убагында көпчүлүк депутат түшүнө албаганын, бирок бул жааттан аң сезим учурда калыптанып келатканын белгиледи.

“Акыл айтсын деп эмес, мыйзам чыгарып бергиле деп шайлаганбыз. Ушуну түшүнүүлөрү керек”, – деди төраганын орун басары.

Андан сырткары, учурда коомчулукта жаралып жаткан “шайлоонун шааниси болбой калды” деген пикирлерге жооп кайтарды:

“Буга мен деле кошулам. Бирок бул азыркы бийликтин тушунда болгон нерсе эмес, 90-жылдары оппозициядан өлкө жетекчилиги чочулап, КТРКны, жалпы эле ММКларды алар үчүн ооздуктаган. ММКларга шайлоого киришпейсиңер, болгону акчасына жарнама чыгарып бересиңер деген шарт коюлган. Ошонун кесепетин азыр көрүп жатабыз. Мурдатан бери шайлоо эрежелерин ашыкча эле регламенттештирип салышкан да. Буйруса, жаңы парламент андай мыйзамдарды оңдойт деп ойлойм”.