Кыргызстан боюнча 40 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат
14 ноябрь

Кыргызстан боюнча 40 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат

Учурда республика боюнча 40 миң 35 батирдин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  Жогорку Кеңештин 14-ноябрындагы жалпы жыйынында билдирди. 

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүнө токтолгон Акылбек Жапаров уюмдун уставдык капиталы 26,2 миллиард сомго чейин көбөйтүлгөнүн, 2025-жылга дагы 12 миллиард сом каралганын билдирди.

«Биз ар бир жарандын турак-жайы болушу үчүн президенттин кыялын ишке ашырып жатабыз. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 26,2 миллиард сомго чейин көбөйтүлүп, 2025-жылга дагы 12 миллиард сом каралган. Алдыдагы үч жылда Мамлекеттик ипотекалык компания 29 миллиард сом бөлөт, бирок бул каражаттар кайтарылууга тийиш, б.а. компаниянын активдери ушул суммага көбөйөт. Республика боюнча 40 035 батирдин курулушу жүрүп жатат», - деди ал.