Кыргызстанда бир жумада 20 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстанда 24нөн 30-ноябрга чейинки аралыкта 20 миң 344 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 1 804;
- Мас абалында унаа башкаруу - 348;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 168;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 785;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 2 824;
- Автоээнбаштык - 17;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 124;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 7;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 8 847;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 420 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат
