Бишкекте алдамчылык жана кибер кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган форум өттүдө
26 февраль

Бишкекте алдамчылык жана кибер кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган форум өттүдө

Бишкекте Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан «Эл аралык жумуш менен камсыз кылуу контекстинде онлайн алдамчылык жана кибер кылмыштуулук менен күрөшүү» темасында эки күндүк аймактык иш-чара өтүп жатат. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Асылбек Бийбосунов, ошондой эле Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан Республикаларынын укук коргоо органдарынын, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Бул форум чоң мааниге ээ жана эл аралык жумушка орношуу жаатындагы коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле онлайн алдамчылыкка жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча маанилүү маселелерге таасир этет.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар интернет-алдамчылыкка каршы күрөшүүнүн актуалдуу ыкмаларын, өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашууну, ошондой эле ишке орноштуруу чөйрөсүндө жарандарды кибер коркунучтардан коргоо боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бикобосунов өз сөзүндө, азыркы заманда маалыматтык технологиялар коомдун жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө тездик менен кирип, жарандардын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын баса белгиледи. Бирок, санариптик технологиянын өнүгүшү менен, көп адамдар онлайн алдамчылыктын курмандыгы болуп жатат, анткени кылмышкерлер алдоо үчүн фишинг сайттарын жана социалдык тармактарды колдонушат.

«Интернеттеги алдамчылыкка жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эки күндүк иш - чаранын жүрүшүндө биздин бул багыттагы биргелешкен ишибиз оң натыйжаларды берерине ишенем. Ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген кесиптештер жумушка орношууда киберкылмыштуулукка каршы туруу боюнча өз тажрыйбалары жана көз караштары менен бөлүшүшөт, анткени киберкылмыштуулук мамлекеттер ортосунда тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Атап айтканда эл аралык кызматташтык, тажрыйба алмашуу жана мыкты дүйнөлүк практикаларды киргизүү кыйла натыйжалуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Адылбек Бийбосунов.

Форумдун алкагында катышуучулар мындай кылмыштардын алдын алуу жана натыйжалуу эл аралык практикаларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашышты. Ушул сыяктуу иш-чаралар киберкоопсуздук боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө жана интернет ресурстарындагы тобокелдиктер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга өбөлгө түзөт.