Байсалов “майыптыгы бар жарандардын маселесин чечүүгө бир кадам калды” дейт
Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга берилчү жөлөкпул маселесин көтөрдү. Ошондой эле өлкөдөгү майыптыгы бар жарандарга түзүлүп жаткан шарттарга кызыкты.
Ал майыптыгы бар жаранга жана анын ассистентине төлөнчү жөлөкпулду көбөйтүү керек деп эсептейт.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов майыптыгы бар адамдарга байланышкан маселени чечүүгө бир кадам калганын, 2026-жылы ишке ашырыларын билдирди.
“Алдын ала айтпай эле коеюн, бирок Конституция кепилдик берген өлчөмгө аз эле калды. Келерки жылы жетип калабыз. Азыр майыптыгы бар жарандардын жумуш орундарына, билим алууга жеткиликтүүлүгүнө шарттарды түзүүдөбүз. Алар көбүнчө “өзүбүздү өзүбүз багабыз, силер бизге мүмкүнчүлүк гана түзүп бергиле” дешет. Бул боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иштөөдө”, – деди Байсалов.
Ал эми МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев майыптыгы бар жарандардын, деги эле жалпы калктын жашоо-турмушунун деңгээлин көтөрүү үчүн орто жана чакан ишкерчиликти өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
“Ар бир айылга чакан ишкерчиликти ачуу керек: жүн иштетүүчү, жер-жемиштерди кайра иштетүүчү, тоок этин, жумуртка өндүрүүчү. Келерки жылы муну ар бир айылга жеткирүүгө аракет кылабыз. Адамдардын жашоо деңгээлин жогорулатсак эле, көп маселе чечилет”, – деди ал.
