Депутат кар жиреп мектепке барган Нурзаман аркылуу көптөгөн тоолуу райондордун көйгөйү көрүнгөнүн айтты
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Жогорку Кеңештин жыйынында Кара-Кулжа районунда тизеден келген карды жиреп мектепке барган Нурзамандын мисалы менен аймактарга тиешелүү маселени көтөрдү.
Ал аткаруу бийлиги жакшы иштеп жатканын белгиледи жана аны менен катар тоолуу аймактарда керектүү техникалар жетишпей жатканын айтты.
“Негизи бул маселелерди акимчилик, айыл өкмөт чечип койсо болот. Бирок сиздердин жардамыңыздар менен. Мисалы, 4-класстын окуучусу Нурзамандын кар жиреп мектепке барганы бардык жакка жарыяланды. Ошол карды тазалап койчу техника жокпу? Канча деген сонун техникаларды сатып алып жатасыздар, ошондон 2-3өөнү тоолуу аймактарга коюп койбойсуздарбы. Чаткал, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Ала-Бука райондоруна кар тазалоочу техника керек”, – деди ал.
Ошондой эле айрым айылдарда ФАПтардын жакшынакай имараттары болгону менен анда керектүү дары-дармектер, дарыгерлер жана эмеректер жоктугун билдирди.
Андан сырткары депутат күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу маселесин да көтөрдү.
