Талас районунда жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлдү
15 июль

Талас районунда жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлдү

Талас РИИБдин кызматкерлери Кең-Кол айыл аймагынын Көк-Ой, Көк-Токой, Жон-Арык жана Орто-Арык айылдарында жапайы өскөн кара куурайларды оруп, өрттөп, жок кылышты.

Мындан сырткары жапайы кара куурай өскөн аймакка жакын жашагандар арасында баңгизатынын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул аракет “МАК-2025” иш-чарасынын алкагында жүргүзүлүп, 500 кг жакын жапайы кара куурайлар жок кылынды.