www
1 май
Жалал-Абад облусунда үч айда 110 жол кырсыгы катталып, андан 13 адам каза болду
Жалал-Абад облусунун аймагында үч ай аралыгында 110 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 13 адам каза болуп, 129 жаран жаракат алган. Бул тууралуу 30-апрелде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча облустук комиссиянын кезектеги жыйынында айтылды.
Маалыматка ылайык, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 41 миңден ашуун айдоочуга протокол түзүлүп, мас абалында унаа башкарган 700дөн ашуун учур аныкталган.
Жыйында “Бишкек–Ош” унаа жолундагы авариялык кооптуу тилкелер, жол инфраструктурасынын абалы, жол белгилерин жаңылоо, сызыктарды чийүү, ошондой эле айдоочуларды даярдоо жана транспорт каражаттарын камсыздандыруу маселелери талкууланды.
