ИИМ: шайлоо учурунда коомдук тартип бузууларга жол берилген жок
2025-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңеш депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өткөрүлдү. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузууларга жол бербөө максатында ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.
Коомдук тартипти сактоо, шайлоо участокторунун коопсуздугун камсыз кылуу, жол кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн уюштуруу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн ИИМдин бардык аймактык бөлүмдөрүнүн күчтөрү жана каражаттары тартылды.
Милиция кызматкерлери тартипти шайлоо участокторунун ичинде жана анын сыртында да камсыздап, мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөп, шайлоо процессин бузууга багытталган аракеттерге бөгөт коюшту.
Ыкчам штабдар берген маалыматтарга ылайык, добуш берүү мезгилинде коомдук тартипти одоно бузуу фактылары катталган жок, өлкөнүн бардык аймактарында абал туруктуу.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги шайлоо мезгилинде тартипти сактаган, сабырдуулук жана жарандык активдүүлүк көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирет. Ошондой эле милиция кызматкерлерине ак ниеттүү кызмат өтөгөнү үчүн ыраазычылык айтып, мындан ары да мыйзамга урмат менен мамиле кылууга жана жоопкерчиликти сактоого чакырат.
