Ноокенде жайыттарды калыбына келтирүү иштери башталды
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кунарсыз жайыттардын абалын жакшыртуу максатында жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, облуска жайыт чөптөрүнүн 8101 кг (кылкансыз түбү бош, тарак баш, шалбаа бетегеси) үрөн таратылган.
Талаа иштери айыл өкмөтү, муниципалдык ишкана жана жергиликтүү жайыт пайдалануучулары катышуусунда жүргүзүлүүдө. Ал эми техника колдонуу мүмкүн болбогон аймактарда кол менен аткарылууда.
Ошондой эле, жагымдуу аба ырайынын шартында уруктар күн сайын жоготуусуз себилип, эң жогорку натыйжалуулукка жетишүү мүмкүн болууда.
Белгилей кетсек, үрөн себүү башталганга чейин ар бир аймакта себүүнүн агротехнологиясы боюнча окутуу тренингдери уюштурулуп, катышуучулар керектүү билим жана көндүмдөргө ээ болушту.
Бул чаралар экологиялык тең салмактуулукту калыбына келтирүүгө, жайыттардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана региондогу мал чарбачылыгы үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.
