Бишкектин Киев көчөсүнүн бир бөлүгүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл киргизилди
Бишкек мэриясы
1 май

Бишкектин Киев көчөсүнүн бир бөлүгүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл киргизилди

2026-жылдын 1-майынан тартып Шопоков көчөсүндө жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана Киев көчөсүнүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Киев көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкесинде убактылуу эки тараптуу кыймыл киргизилет.

Кабыл алынган чечимдер жолдо жүрүүнүн  натыйжалуулугун талдоо жана жол тармагынын чектеш бөлүктөрүндөгү жол тыгынын азайтууга багытталган.