"Тартуга" эс алуу борборунун аймагындагы объектилер алынууда
26 февраль

"Тартуга" эс алуу борборунун аймагындагы объектилер алынууда

Бишкектин Малдыбаев көчөсү, 24В дарегинде жайгашкан «Тартуга» эс алуу борборунун аймагындагы объектилер алынууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жерди текшерүүдө муниципалдык аймакта тиешелүү уруксат документтери жок курулган турак эмес жайлар аныкталган.

Аталган эс алуу жайынын ээсине КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренеси боюнча 100 000 сом административдик протокол түзүлдү.

Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, менчик ээси өз ыктыяры менен үч объектти: эки капиталдык имаратты (турак эмес жайлар) жана бир жеңил объектти (дүкөн) демонтаждоо иштерин жүргүзгөн.

Башкармалык мындан ары да муниципалдык жерлерди мыйзамсыз пайдаланууну аныктоо жана алдын алуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп, бардык жара