Бишкекте Кыргызстан менен Түркмөнстандын ТИМ башчылары жолукту
26 февраль

Бишкекте Кыргызстан менен Түркмөнстандын ТИМ башчылары жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 26-февралда Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык тармактардагы кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана башка маанилүү багыттарды жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Алдыдагы эки тараптуу иш-чараларды бийик жана жогорку деңгээлде уюштурууга жана өткөрүүгө, келишимдик-укуктук базаны өстүрүүгө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Бул контекстте министрлер КР президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга (27-28-июнь, 2021-жыл) расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Эки өлкөнүн Тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Ж.Кулубаев менен Р. Мередовдун консультацияларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2025-2026-жылдарга Кызматташуу Программасына кол коюлду.