Лейлек районунда 1,7 тонна жапайы кара куурай жок кылынды
Лейлек районунда 1,7 тонна жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.
Милиция кызматкерлери Кой-Таш участкасында жалпы аянты 1 гектар 45 сотых жерге кароо жүргүзүшкөн.
Бул иштер Баткен ОИИБдин БМЖКККнын ыкчам өкүлдөрү, Лейлек РИИБдин Катраң айылдык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүлөрү жана жергиликтүү айыл башчылары менен биргеликте жүргүзүлдү.
