Садыр Жапаров өлүм жазасын киргизүү маселеси референдум аркылуу чечиле тургандыгын билдирди
4 октябрь

Садыр Жапаров өлүм жазасын киргизүү маселеси референдум аркылуу чечиле тургандыгын билдирди

Президент Садыр Жапаров 5-октябрда "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде өлүм жазасын киргизүү маселеси боюнча комментарий берди.

Мамлекет башчысы акыркы убактарда “педофилдик” кылгандар көбөйүп жаткандыктан мындай демилге келип чыккандыгын айткан.

"Мына ушундан улам, күчөтүү боюнча тапшырма бердим. Жазаны күчөтсөк, токтойт деген үмүтүбүз чоң. Себеби, түрмөнү тоготпой калышты", - деген ал.

Президент журналисттин өлүм жазасы кылмышка тиешеси жок адамдарга карата колдонулуп кетпейби деген суроосуна мындайча жооп берди:

"Андай болбоштун жол-жобосун адистер иштеп чыгышат. Тапшырма бердим.

Азыр XXI кылым. Техниканын заманы. Мисалы, тергөө баштан-аяк видеоматериалдар менен далилдесе, сот процесстери баштан аяк онлайн режимде элге түз көрсөтүлүп турса, күнөөсүз эле адамды өлүм жазасына тартыш кыйын да.

Андан сырткары, эки жактын өкүлдөрүнөн сотко катыштыруу маселесин дагы караса болот. Мисалы, кечээки зөөкүрдүн энеси интернет аркылуу элге кайрылуу жасап, «балама эң жогорку жазаны бергенге макулмун» дебедиби.

Ошондуктан сот процесстерге жакындарынан катыштырсак, өз көздөрү менен көрүп ынанышат да. Адамга өлүм жазасын бериш оңой иш эмес. Ошондуктан абдан дыкат карашыбыз керек. Бул жагын жетимиш өлчөп, бир кесебиз".

Садыр Жапаров өлүм жазасын киргизүү маселесин бийлик өзү билип эле чечип койбосуна ишендирди.

"Эл менен кеңешебиз. КР Конституциясынын 25-беренесине ылайык, өлүм жазасына тыюу салынат. Ошол эле учурда ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес деп

Конституциянын бул беренесинде так жазылган. Башкача айтканда, мамлекет адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салуудан коргоого укугу бар.

Коомчулук балдарыбыздын жана аялдардын кол тийгис укуктарын коргоо үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатат. Элдин калың катмарынын бул талабы мыйзам аркылуу гана чечилиши керек.

Мыйзамдын долбоору - Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө - биринчи иретте коомдук талкууга коюлат. Андан кийин Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбооруна корутунду берет.Ал мыйзам долбоору референдумда кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, маселе бүткүл элдик добуш берүү аркылуу гана чечилет.

Эгерде көпчүлүк эл колдосо, андан кийин эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси, иштеги кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдарды жаңы келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек", - деген ал маегинде.

Эске сала кетсек, Ысык-Көло мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы кыздын окуясынан кийин Садыр Жапаров кылмышкерлерге карата өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган. Бирок коомдо бул сунуш боюнча ар түрдүү пикирлер айтылууда.