Кыргызстанда коомдук транспортторго көзөмөл күчөтүлөт. Рейд башталды
Кыргызстандын аймагында “Коомдук транспорт” аталышындагы рейддик иш-чара башталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, рейд 26-февралда башталып, 2-мартка чейин уланат. Анын алкагында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустардын жана жеке таксилердин ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт.
Айрыкча коомдук транспорттордун техникалык абалына көңүл бурулуп, жүргүнчүлөрдү туура эмес жерлерден алган жана түшүргөн, ошондой эле аялдамаларда экинчи-үчүнчү катарга туура эмес токтотуп, башка айдоочуларга тоскоолдук жараткандарга 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып пулдар салынат.
