Баткен шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сомго айып салынды
1 декабрь

Баткен шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сомго айып салынды

Баткен шаарынын Жибек жолу көчөсүндө “BMW” үлгүсүндөгү автоунаасын чимирилте айдаган айдоочуну жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, автоээнбаштык жасагандыгы үчүн 15000 сомго айып протоколу түзүлүп, автоунаасы айып короо жайына токтолду.

Эскерте кетсек, Укук бузуу кодексине ылайык, жыл ичинде эки ирет автоээнбаштык жасаган айдоочулар алты айга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.