Адылбек Касымалиев өлкөнүн саламаттык сактоо объекттеринин маселелерине байланышкан кеңешме өткөрдү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн саламаттык сактоо объекттеринин маселелерине байланышкан кеңешме өткөрдү.
Алгач саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмоновдун Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында жалпысынан ондон ашуун саламаттык сактоо мекемелеринде курулуш жана капиталдык оңдоо иштеринин жүргүзүлүшү, ошондой эле алдыдагы пландары боюнча баяндамасы угулду.
Белгилей буга чейин Адылбек Касымалиев жогорудагы аймактарда көчмө кеңешмелерди өткөрүп, алардын абалы менен жеринен таанышкан учурда айрым мекемелер капиталдык оңдоого муктаж экендиги, кошумча корпустарды куруу зарылдыгы, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу талап кылынаары аныкталган.
Жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигине, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине, Финансы министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына, ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилген. Бул багытта мамлекеттик органдар отчетторун беришти.
Отурумда ошондой эле, “Дарыгердин депозити” программасы жөнүндө баяндама угулду, анда программанын алкагындагы иштердин жүрүшү, квоталарды көбөйтүү, анын жеткиликтүүлүгү жана натыйжалуулугу айтылды.
Отурумдун жыйынтыгында, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев саламаттык сактоо кызматтарынын жеткиликтүү болушу керектигин, ар бир жаранга өз убагында сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгилеп, бул үчүн саламаттык сактоонун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин билдирди.
Ошондой эле, жогоруда көрсөтүлгөн иштердин жүрүшүнө туруктуу жана катуу көзөмөл жүргүзүү керектиги айтылып, мындан тышкары республиканын бардык райондорунда жана шаарларында саламаттык сактоо объекттерин куруу жана оңдоо, медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн зарыл болгон маселелерди аныктоо боюнча бир айлык мөөнөткө тапшырма берилди.
