Кыргызстан мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу боюнча дүйнөлүк рейтингде 84-орунду ээледи
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
10 октябрь

Кыргызстан мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу боюнча дүйнөлүк рейтингде 84-орунду ээледи

Кыргызстан Chandler Good Government Index 2026 мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу боюнча дүйнөлүк рейтингде 84-орунду ээледи. Бул тууралуу Chandler Institute of Governance институтунун жаңы баяндамасында айтылат.

Индекс мамлекеттик башкаруу системаларынын натыйжалуу иштөө жана жарандар үчүн жыйынтык жаратуу жөндөмүн баалайт. Рейтингге жалпысынан 120 өлкө кирген.

Индексти түзүүдө жети багыт эске алынат. Алардын катарына жетекчиликтин сапаты жана стратегиялык пландоо, мамлекеттик институттардын туруктуулугу, каржыны башкаруу, глобалдык таасир, ошондой эле калктын жашоо шартын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү кирет.

Борбор Азия жана ага жакын аймактагы өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан төмөнкүдөй орундарды ээледи:

  • Грузия — 43-орун;

  • Азербайжан — 57-орун;

  • Казакстан — 61-орун;

  • Армения — 64-орун;

  • Молдова — 65-орун;

  • Өзбекстан — 69-орун;

  • Россия — 78-орун;

  • Украина — 81-орун.

Ал эми Тажикстан 97-орунга жайгашкан.

Рейтингдин биринчи сабында төртүнчү жыл катары менен Сингапур турат. Экинчи орунга эки тепкичке көтөрүлгөн Норвегия жайгашса, үчүнчү орунду Дания ээледи.

Алдыңкы ондукка Финляндия, Швеция, Швейцария, Германия, Нидерланддар, Бириккен Араб Эмираттары жана Люксембург да кирген.

Изилдөөнүн авторлорунун маалыматына караганда, мамлекеттик башкаруунун көрсөткүчтөрүндө жалпы жакшыруу байкалууда. 2026-жылы рейтингге кирген 120 өлкөнүн 61 пайызында жыйынтык көрсөткүчтөр өткөн жылга салыштырмалуу жогорулаган. Бул индекс түзүлө баштагандан берки жылдык жакшыруунун эң жогорку көрсөткүчү болуп саналат.

Ошол эле учурда узак мөөнөттүү көрсөткүчтөр бирдей эмес. 2021-жылдан бери байкоого алынган 104 өлкөнүн ичинен акыркы алты жылда өз жыйынтыктарын жакшырта алган мамлекеттердин үлүшү 43 пайызды гана түзгөн.