Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда документтерди консулдук легалдаштыруу жоюлду — апостиль коюу жетиштүү
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 октябрь

Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда документтерди консулдук легалдаштыруу жоюлду — апостиль коюу жетиштүү

Вьетнам Социалисттик Республикасы үчүн чет өлкөлүк расмий документтерди консулдук легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясы күчүнө кирди. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирет.

Бул Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда расмий документтерди колдонууда Конвенциянын колдонуу чөйрөсүнө кирген документтерди консулдук легалдаштыруунун ордуна апостиль коюларын билдирет.

Бул жаңылык жарандар жана уюмдар үчүн документтерди тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө, административдик жол-жоболорду кыскартууга жана документтерди башка өлкөдө колдонууну жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

2026-жылдын 11-сентябрына чейин консулдук тартипте легалдаштырылган документтер өз күчүн сактайт жана аларды кайра тариздөө талап кылынбайт.