Ош: Суу кампанын курулушу боюнча 200 000 сом айып пул салынды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилери тынымсыз көзөмөлдөнүүдө.
Анын алкагында Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагына караштуу Семиз-Көл айылында жайгашкан суу кампа объектисинде курулуш ченемдеринин жана белгиленген талаптардын бузулушу аныкталды.
Жыйынтыгында, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Жолдош-Курулуш” ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча эскертүү берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти компанияларды курулуш объектилериндеги мыйзам талаптарын жана курулуш ченемдерин так сактоого чакырат.
