2025-жылы Борбор Азиядагы аба жүргүнчүлөрүнүн 5,6%ы Кыргызстанга туура келген
сүрөт: depositphotos.com
9 октябрь

2025-жылы Борбор Азиядагы аба жүргүнчүлөрүнүн 5,6%ы Кыргызстанга туура келген

2025-жылы Кыргызстан Борбор Азиядагы жалпы аба жүргүнчүлөрүнүн 5,6%ын түзгөн. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын баяндамасында айтылат.

Жалпысынан аймактагы беш өлкөнүн авиакомпаниялары 31,7 млн жүргүнчүнү ташыган. Бул көрсөткүч 2019-жылдагы пандемияга чейинки деңгээлден дээрлик эки эсе жогору.

Аймактагы эң ири авиациялык рынок Казакстанга таандык. Анын үлүшү жүргүнчүлөрдү аба аркылуу ташуунун жалпы көлөмүнүн 48,7%ын түзгөн. Өзбекстандын үлүшү 35%, Түркмөнстандыкы 7%, Кыргызстандын үлүшү 5,6%, Тажикстандын үлүшү 3,7% болгон.

Жүргүнчүлөрдү аба аркылуу ташуу эң ылдам Өзбекстанда өскөн. 2019-жылга салыштырмалуу көрсөткүч үч эсеге көбөйүп, 11,1 млн адамга жеткен.

ЕӨБ белгилегендей, Борбор Азиянын авиация рыногунун өнүгүшүнө экономиканын, калктын санынын жана жарандардын кирешелеринин өсүшү өбөлгө түзүүдө.

2000-жылдан 2025-жылга чейин аймактагы беш өлкөнүн жалпы ички дүң продукциясы (ИДП) 46 млрд доллардан 567 млрд долларга чейин өскөн. Ал эми калктын саны 55 миллиондон 83 миллионго жеткен.