Кыргызстан менен Өзбекстан юстиция чөйрөсүндөгү кызматташтыктын мындан аркы багыттарын аныкташты
9 октябрь

Кыргызстан менен Өзбекстан юстиция чөйрөсүндөгү кызматташтыктын мындан аркы багыттарын аныкташты

Түрк мамлекеттер уюмунун Юстиция министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын юстиция министри Алмаз Айылчиев менен Өзбекстан Республикасынын юстиция министри Акбар Ташкуловдун эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушууда тараптар юстиция чөйрөсүндөгү кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалын, ошондой эле аны мындан ары кеңейтүү жана бекемдөө боюнча пландарды талкуулашты.

Өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарына, анын ичинде юстиция системасын санариптештирүү, мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик жана укуктук кызматтарды көрсөтүүнүн заманбап механизмдерин өнүктүрүү, ошондой эле юстиция органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосунда үзгүлтүксүз практикалык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу багыттар боюнча кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана укуктук чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган алдыдагы биргелешкен иш-чаралар жана демилгелер да талкууланды.

Тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана юстиция чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.